Site icon Reporter.kg

Селдин айынан Ош – Сары-Таш – Эркечтам жолу жабылды (видео)

Бүгүн, 8-июлда нөшөрлөп жааган жаандын айынан Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун 71-чакырымында сел жүрүп, жол жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ошондой эле, 133-135-чакырымдар аралыгында (3 жерде) жол бир тараптуу гана ачык.

Селт жүргөн жерлерге жолчулар менен атайын техникалар тартылууда. Кийинчерээк кошумча маалымат берилет.

Exit mobile version