Site icon Reporter.kg

«Селсаяк». Бишкекте милиция профилактикалык иш-чара өткөрдү

Бишкектин Ленин районунда «Селсаяк» аталышында алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу райондук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, профилактикалык иш-чара 15-16-май күндөрү өткөрүлүп, жашаган жери жок, тилемчилик кылган адамдарды аныктоого багытталган.

Иш-чаранын жүрүшүндө район аймагында жашаган жери жок 27 киши аныкталган. Алар милиция бөлүмүнө жеткирилип, документтери жокторунун бармак издери алынып, каттоого тургузулган. Андан тышкары алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version