Site icon Reporter.kg

Семенов чокусунан 10 күндөн бери чет элдик жаран изделүүдө

«Семёнов — Тянь-Шань” чокусунан 10дөн бери дайынсыз болуп жаткан чет өлкөлүк жаран изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

«Хижина Рацекадагы» куткаруу топтун маалыматына ылайык, 23-июлда саат 07:30да Семёнов чокусунун батыш тарабынан түшкөн кар көчкүнү кароого «Эдельвейс» кошуунунан 8 куткаруучу чокусуна чыгып кетишкен.

Анын түндүк-батыш тарабынан түшкөн кар көчкүнүн ылдыйтан өйдө карай издөө иштери жүргүзүлүүдө.

Саат 15:15те күн ысып, кар эрий баштагандыктан, кар көчкүдөгү куткаруу иштери убактылуу токтоп, куткаруу тобу Семёнов чокусунан Хижина Рацекага кайтышты издөөдөн жыйынтык болгон жок.

Эске салсак, «Семёнов — Тянь-Шань» чокусуна 14-июлда К.С. аттуу чет өлкөлүк жаран чыгып кетип, байланышка чыкпай жаткандыгы тууралуу туугандары билдиришкен. Бул жаранды издөө КДМБнын «Эдельвейс» тоодо куткаруу кошууну тарабынан тынымсыз изделүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version