Site icon Reporter.kg

“Семетей” госпиталында 517 орундук бош

Мурдагы “Ганси” базасында жайгашкан “Семетей” госпиталында 517 орундук бош.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу жана авариялык-куткаруу иштери боюнча башкармалыгынын башчысы Ырыспек Жолдошбаев билдирди.

“27-июлга карата “Семетей” госпиталында бейтаптарды дарылоо үчүн 600 орундук бар болсо, анын ичинен 109да бейтаптар дарыланып жатат, калган 491 орундук бош. Ал эми жандандыруу бөлүмүндө 50 орундук бар болсо, учурда 24 оор абалдагы бейтап бар, калган 26 орундук бош. Жалпысынан 517 орундук бош”, –  деди ал.    

Саламаттык сактоо министрлигинын маалыматына караганда, бүгүнкү күнү жалпы 1 190  орун бош.

Exit mobile version