Site icon Reporter.kg

Семетей Талас уулу сурактан чыкты (ВИДЕО)

Журналист Семетей Талас уулу фейсбукка диний посту бөлүшкөнү үчүн УКМКга сурак берип чыкты. Бул туурасында Талас уулу өзү билдирди.

Анын айтымында, диний илимий макаланы Фейсбуктагы баракчасына бөлүшкөн. Бирок, анын Кыргызстанда тыюу салынган макала экенин билген эмес экен.

Күбө катары суралып чыккан. Үйүнөн диний китептерди да жашыруун кызмат алып кеткен. Атайын текшерүүдөн өткөндөн кийин кайра да чакырылаарын билдирди.

Ал эми журналисттердин укугун коргоп жүргөн юрист  Акмат Алагушев бул иш-аракетти басым деп атады.

Ошол эле учурда саясий посттор үчүн куугунтук эмес экенин кошумчалады. Белгилей кетсек, журналист дайым бийликти сындап келген.

Exit mobile version