Site icon Reporter.kg

Семёнов — Тянь-Шань чокусунан 26 күн мурун жоголгон турист изделет

Бүгүн, 10-августта Семёнов чокусунун батыш тарабынан түшкөн кар көчкү алдынан чет өлкөлүк жаранды издөөгө «Эдельвейс» кошуунунан 5 куткаруучу чыгып кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, алар чокунун түндүк-батыш тарабынан түшкөн кар көчкүнүн ылдыйтан өйдө карай издөө иштерин жүргүзүшмөкчү.  Куткаруу тобу Семёнов чокусунан “Хижина Наукага” түнөккө калышат.

Эске салсак, Семёнов — Тянь-Шань чокусуна 14-июлда 34 жаштагы К.С. аттуу чет өлкөлүк жаран чыгып кетип, байланышка чыкпай жаткандыгы тууралуу туугандары билдиришкен. Бул жаран «Эдельвейс» куткаруу кошууну тарабынан тынымсыз изделип жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version