7-11-сентябрда Кыргызстанда Жамааттык коопсуздук боюнча келишим уюмунун «Аракеттештик — 2024» аскердик машыгуусу өтөт. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.
Ага Беларусия, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстандын куралдуу күчтөрү катышат.
Ал эми байкоочу катары Алжир, Египет, Индия, Иран, Кытай, Монголия, Пакистан, Сауд Арабиясы, Өзбекстан мамлекеттери чакырылды.