Site icon Reporter.kg

Сентябрдан тарта дарыгерлердин айлыгы 50%га көтөрүлөт.

Сентябрдан тарта Кыргызстанда дарыгерлердин айлыгы 50%га көтөрүлөт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Медербек Исмаилов билдирди.

Анын айтымында, медайымдардын маянасы 20%, кенже медициналык кызматкерлердин айлыгы 10% жогорулайт.

Белгиленгендей, учурда бул маселе боюнча президенттин жарлыгы даярдалып жатат.

Exit mobile version