Site icon Reporter.kg

 Сербиядан 5 байге алышты өспүрүмдөр

Сербияда өткөн күрөш боюнча бүткүл дүйнөлүк мелдештен өспүрүмдөр байгелүү кайтып келишти. Бул тууралуу Бишкек мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган турнирде  Раатбек Санатбаев атындагы Олимпиадалык резервдеги адистештирилген жаштар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин спортчулары жана грек-рим күрөшү боюнча спорт мектептин тарбиялануучулары байгелүү орундарга жетишкен. Алар:

Нурболот Сыргабай уулу (15 жашка чейин) — алтын;

Сабит Шамшединов (15 жашка чейин) — алтын;

Саламан Данияров — алтын;

Бакыт Жакыпбеков — күмүш;

Эржан Акылбек уулу — коло.

12-14-сентябрь күндөрү күрөш боюнча «ISF U 15 World School Sport Games» аталышындагы бүткүл дүйнөлүк мелдеш Сербиянын борбору Белград шаарында болду.

Exit mobile version