Site icon Reporter.kg

Сергей Лавров Кыргызстанга расмий сапар менен келет

28-29-июнунда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет. Бул тууралуу Кыргызстандын ТИМи билдирди.

Маалыматка ылайык, ал Бишкекке тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу боюнча келет.

«Иш-сапардын алкагында эки өлкөнүн тышкы саясат ведомстволорунун башчыларынын сүйлөшүүлөрү пландалып, анда кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздаштыктын актуалдуу маселелери, ошондой эле эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн жана эл аралык күн тартибинин негизги аспектилери талкууланат»,- деп айтылат маалыматта.

Exit mobile version