Site icon Reporter.kg

Сежон институту кыргызстандыктарга корей тилин бекер окутат

Кыргыз тилдер жана маданият институтунун алдындагы Сежон Король институту менен Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду. Бул тууралуу  Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Аталган институт 5 облуста жана Бишкек шаарында жарандарга корей тилин акысыз окутуу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырат. Ага 30 жаштан 55 жашка чейинки жарандар 1-апрелден тарта кабыл алынат. Курстун аягында корей тили боюнча экзаменди ийгиликтүү тапшыргандарга сертификат берилет.

Тренинг төмөнкү жерлерде өтөт:

Кененирээк маалыматты бул номур аркылуу билсе болот: +996 706 091 019

Exit mobile version