Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театрында “Театрдын менеджменти” аттуу профессионалдык өнүгүү программасы башталды. Программа театр режиссерлору, менеджерлер жана спектакль өнөрүнүн продюсерлери үчүн иштелип чыккан.
Иш-чараны КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев ачты.
Ал белгилегендей, министрликтин артыкчылыктуу багыттары болуп театр мекемелерин эффективдүү башкаруу, алардын каржылык туруктуулугун камсыздоо, көрүүчүлөр менен өз ара байланышты өнүктүрүү жана жаңы чыгармачыл лидерлерди даярдоо саналат.
Программада Россиянын Театралдык искусство институтунун (ГИТИС) окутуучулары Ольга Чембаева менен Евгения Кузнецованын лекциялары бар. Программа 72 академиялык саатка эсептелген жана театр мекемелеринин чыгармачылык, өндүрүштүк жана финансылык ишмердүүлүгүн уюштуруу жана башкаруу боюнча билимдерди кеңейтүүгө багытталган.