Site icon Reporter.kg

Шаар аралык каттамдардын айдоочуларына түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Жалал-Абад облусунда шаар аралык каттамдардын айдоочуларына түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын облустук бөлүмүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, иш-чара Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн жана Жалал — Абад шаардык бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүрүүдө.

Анда жол инспекторлору облус борборуна аймактардан адам ташыган каттамдардын жана жеңил унаалардын айдоочулары менен маектешүүдө. Анын жүрүшүндө  жол кырсыгын алдын алуу жана жол кырсыктарына алып келе турган негизги себептер тууралуу  түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

 

Exit mobile version