Шаар тургуну: Ак-Өргө жаңы конушуна тигилген 70 балаты соолуп калды

Шаар тургуну: Ак-Өргө жаңы конушуна тигилген 70 балаты соолуп калды

Ак-Өргө жаңы конушундагы Мухтар Өмүракунов көчөсүн бойлой тигилген балатыларга суу жетпей куурап баратат.

Бул тууралуу шаар тургуну Омурали Матаев соолуп калган балатынын сүрөттөрүн “Фейсбук” баракчасына жүктөп, шаар башкармалыгынын жоопту кызматкерлерин белгилеп өткөн. Анын айтымында жалпысынан 70ке жакын баалаты солуп калган.

Интернет колдонуучунун жазганына Биишкек шаардык мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев дароо көңүл буруп, маселени тийиштүү адамга тапшырып, күнөөлүлөрдү жазага туртууну буюрду.

Шаар башкармалыгынын Уюштуруу бөлүмүнүн  башкы адиси Медер Бейшеналиев РЕПОРТЕР агенттиги менен болгон аңгемелешүүсүндө, айтылган даректеги балатылардын куурап калышынын себеби такталып жатканын  айтып, териштирүү аяктаган соң маалымат берилерин убада кылды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>