Site icon Reporter.kg

Шаар тургуну ижарага берген унаасын таппай калды

Ижарага берип жүргөн “Матиз” үлгүсүндөгү унаамды таппай калдым. Милиция издебей жатат.  Мындай даттануу менен Reporter.kg′ге Бишкек шаарынын тургуну Ормонбек Амангелдиев кайрылды.

Анын айтымында, 4-ноябрь күнү Ленин райондук милицияга ижарага берип жүргөн “Матиз” үлгүсүндөгү унаасын жоготуп жибердим деп кайрылган. Андан бери тергөөчүдөн, тергөөчүүнү алмаштырып бул унааны издегиси келбей жатат. Унааны ким айдап жүргөнүнөн бери көрсөтүп, алтургай, телефон номеринен бери таап бергем. Болгону милиция барып, аны кармап эле унаасын алып келиши керек болчу. Бирок, Ленин райондук милиция бул ишке көңүл кош карап жатат.

Ал эми Reporter.kg Ленин райондук милицияга бул маселе боюнча кайрылганда, бул факты боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине алдамчылык беренеси боюнча катталганын, ушул тапта издөө иштери жүрүп жатканын кабарлашты.

Милициянын маалыматына караганда, Ормонбек Амангелдиев “А.Н” аттуу жаранга “Матиз” үлгүсүндөгү унаасын ижарага күнүнө 500 сом төлөө тил каты менен ижарага берген боюнча жок болуп кеткен деп 4-ноябрь күнү кайрылган. 2021-жылдын 10-августунан баштап «А.Н.» аттуу адам байланышын токтотуп, унаанын ижара акысын төлөбөй калган. Ошондон кийин убадасын аткарбай, белгисиз тарапка изин жашырып кеткен.

Ошондой эле, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө А.Н., кийин бул унааны үчүнчү жактарга күрөөгө калтырып кеткендиги аныкталган.

Аталган факты Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясына катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин (Алдамчылык) негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

 

Exit mobile version