Шаардык кеңештин депутаты Балбак Түлөбаевди сынга алды

Шаардык кеңештин депутаты Балбак Түлөбаевди сынга алды

Балбак Түлөбаев 100% мэр болбогондон кийин мындай маселелерди көтөрбөй эле койсо болмок. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Канат Мүзүралиев билдирди.

Депутат Балбак Түлөбаев популисттик иштен башка эмне жасады? деген суроо салган.

“Тарыхта кала турчу ишти кылып коюп кенен басып жүргөн жакшы да. Балбак Зарлыкович азыр канча күнү, кандай күнү бар ал деле билбейт. Эл үчүн иштеп койсо болмок, «Садыр Нуркожоевич муну же аны айтты» деген популисттик иштен алыс болуп, элдин көйгөйүн чечсе. Бүгүн бул сессияда бул сөздү аябай көп айтты. Ал киши (Садыр Жапаров) бүгүнкү күндө «бөрк ал десе, баш алган» популист адамдардын кылып жаткан ишине көңүл бөлүп койсо жакшы болот эле да. Буга чейин Балбак Зарлыковичди колдоп келчүмүн, азыркы жасап жаткан иштерин көрүп аябай нааразы болуп калдым. «100 күндүк ишим деп» буга чейинки мэрлер кылган ишти алып келип көрсөттү.

Бүгүнкү күндө бул баягы бийлик бутагына эле кошоматчылык кылган нерсе болуп жатат. Буга чейин көп кызматтарда иштеген, жакында эле кандайдыр бир Садыр Нургожоевичтин жакын иниси болуп жатат «көлдүк» болуп. Эми аны эч ким токтото албайт, «көлдүк» болгондон кийин ага-ини боло берет. Бул адам кызматка келгенден бери түп тамыры менен оюу, кылып жактан иши башка. Иш жүзүндөгү эле ишти кылып жатпаса башка эч нерсе кылган жок. Эмне конкретүү элге көрүнүктүү иш кылды? Ортоңку манжасын көрсөтүп «монорельс» дегениби?”, — деп билдирди ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>