Шаардык сот: Көлбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча доо арыз түшкөн эмес

Шаардык сот: Көлбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча доо арыз түшкөн эмес

Бишкек шаардык сотуна кримтөбөл Камчы Көлбаевге карата баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу доо арыз түшкөн эмес. Бул тууралуу “Репортёрго” шаардык соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматынан алынган Кеңешбек бүгүн журналисттерге маалымат жыйын берип, бүгүн же эртең Камчы Көлбаевдин абактан бошотулушу ыктымал экенин айткан.

Камчы Көлбаев «Уюшкан кылмыштуу топ түзүү же ага катышуу» беренеси менен  22-октябрда Бишкектен кармалып,  тергөө бүткөнгө чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>