Site icon Reporter.kg

Шаардык сот министр Өмүралиевге беш миллион сом айып чегерди

Таалайбек Омуралиев

Бишкек шаардык соту коргоо министри Таалайбек Өмүралиевге карата Биринчи май райондук сотунун өкүмүн жокко чыгарды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык сотунун 10-марттагы өкүмү менен Биринчи май райондук сотунун 2020-жылдын 13-октябрындагы Т.Өмүралиевге карата өкүмү жокко чыгарылды.

Билдирүүгө таянсак, Т.Өмүралиев 304-берененин 4-бөлүгү, 304-берененин 2- бөлүгү менен күнөөлү деп табылып, ага беш миллион сом өлчөмүндө айып пул төлөө жазасы белгиленген.

Exit mobile version