Site icon Reporter.kg

Бекешев: Шаардык жана айылдык депутаттардын колу байланды 

Жергиликтүү кеңештердин ыйгарым укуктары азайды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.

Ал президенттин өткөн жылкы №37 буйругу менен административдик аймактык реформа жарыяланып, анын негизинде шаар жана айылдык кеңештер формалдуу органга айланганын белгиледи.

«Ал буйруктун негизинде жергиликтүү кеңештер айыл жана шаарлардын бюджетин бекитпей калды. Бул ыйгарым укук мэрия менен айыл өкмөтүнө берилди. Аны менен жергиликтүү депутаттардын колу байланып, Конституцияда көрсөтүлгөн укугу кыскартылды. Буйрук Конституциядан өйдө болуп калды», — дейт эл өкүлү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version