Site icon Reporter.kg

Шаарга кошулган айылдардын салыгы көтөрүлөбү? Мэрдин жообу

Айбек Джунушалиев

Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин Бишкек шаарына кошулган айыл жана жаңы конуштардагы салык жана башка төлөмдөр өзгөрбөйт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак” парламенттик фракцияларынын жана “Мекенчил” депутаттык тобунун кошмо жыйынында мэр Айбек Жунушалиев айтты.

Депутат Сүйүн Өмүрзаков ордо калаага кошулган 8 айыл аймагы, 2 айыл, 5 конуш жана 4 контурда салыктык төлөмдөр качан, канчага өзгөрөрүн сурады.

«Элдер кабатыр болуп жатат. Кыймылсыз мүлк жана башка салыктар канчага көбөйөт?», — деди ал.

Айбек Жунушалиев мэрия жарым жыл анализ жүргүзүлөрүн белгиледи.

«Жыл аягына чейин эч бир төлөм өзгөрбөйт. Буга чейин канча төлөшсө, ошончо төлөй беришет. Муниципалдык төлөмдөрдүн тарифине дагы кошулбайт», — деди ал.

Айбек Жунушалиевдин маалыматында, учурда Бишкекте 1,5 миллион адам жашайт. Аймагы кеңейгенден кийин шаардыктардын саны 2 миллионго жетет.

Exit mobile version