Шайлдабекова: 12-апрелге белгиленген шайлоо белгисиз мөөнөткө жылды — видео

Шайлдабекова: 12-апрелге белгиленген шайлоо белгисиз мөөнөткө жылды — видео

Кыргызстандын аймагына киргизилген өзгөчө кырдаалдан улам 12-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоо белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Маалым болгондой, бул чечим 21-март күнү өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынган.

“Өлкөдө эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин шайлоону жылдыруу жөнүндө биз Коопсуздук кеңешине сунуш киргиздик. Суншуту алар колдоп, жылдыруу маселесин кабыл алышты”, — деген Шайлдабекова.

БШКнын төрайымы кошумчалагандай, бүт дүйнөнү каптаган коронавирус пандемиясынан улам 17 мамлекетте алдыдагы 2 ай аралыгына  белгиленген шайлоо жана референдумдар башка күнгө жылдырылган.

12-апрелде өлкөдөгү беш шаарда жана бир нече айылдарда шайлоо өтөрү белгиленип, партиялар үгүт иштерин баштаган эле. Шаардык кеңештердин депуттарын шайлоого 22 саясий партия ат салышып жаткан.

Кыргыз өкмөтү коронавирус илдетин жайылтпоо максатында 22-марттан тартып өлкөдө өзгөчө кырдаал режимин киргизди.

Бүгүн, 22-март саат 16:00гө карата өлкөдө коронавирус жуктуруунун жаңы учуру катталган жок. Буга чейин вирусту жуктуруп алган 14 адам ооруканаларда дарыланууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>