Site icon Reporter.kg

Шайлоо — 2020: 44 талапкер тизмеден чыкты

Парламенттик шайлоодо саясий партиялардын талапкерлер тизмесинен чыккандардын жалпы саны 40тан ашты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын билдиришти.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен он беши «Ыйман Нуру», алтоо «Чоң Казат», бешөө «Социал-демократтар», экөө «Мекенчил», экөө «Ата Мекен», бирөө «Кыргызстан», бирөө «Замандаш» партиясынын талапкерлери болгон.

«Мекеним Кыргызстан» партиясынан Аравандагы мушташтан кийин тизмеден чыгарылган Илхом Маннановду кошкондо 10, ушул эле жаңжалдан улам жарыштан четтетилген «Биримдик» партиясынан Шүкүрулло Файзуллаевди кошуп санаганда жалпы тизмеден чыккандардын саны 44 кишиге жеткен.

Exit mobile version