Шайлоо 2020:  — 624 миң адам добуш берди

Шайлоо 2020:  — 624 миң адам добуш берди

Саат 12:00гө карата Кыргызстанда 624 миң 598 адам добуш берди.  Бул тууралуу Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.  

“Саат 12:00гө карата чет өлкөдөгү жана Кыргызстандагы шайлоо участокторунда баш аягы 624598 шайлоочу добуш берди.  Бул Кыргызстандагы 3 523 554 шайлоочунун 17,73  пайызын түзөт”, — деди Шайлдабекова.

Бишкекте 84 106 адам добуш берди (16,9 пайыз);

Ош 37860 адам добуш берди (21, 04 пайыз);

Жалал-Абад 125 225, адам добуш берди (19,45пайыз);

Ысык-Көл 47971, адам добуш берди (16,5);

Нарын 32260 адам добуш берди  (18,31 пайыз);

Ош облусу 120423 адам добуш берди (17, 64 пайыз);

Талас 28130 адам добуш берди (18, 88 пайыз);

Чүй 99013 адам добуш берди (16, 88 пайыз);

Баткен 49610  адам добуш берди (17,45 пайыз).

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо 2475 шайлоо учаскасы иштеп жатат.  Алардын 45и чет өлкөлөрдө, ал жактагы кыргыз мигранттарына ачылган.  Кыргызстанда жалпы 3 523 554 шайлоочу бар, алардын 32 602си чет өлкөлөрдө.

Парламенттик шайлоого 16 саясий партия ат салышып, алардан 120 мандатуу Жогорку Кеңешарналганке 1912 адам талапкер болуп катталган.

 

Тэги: шайлоо-2020

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>