Шайлоо-2020: Бишкекте «Баарына каршы» аттуу акция өттү

Шайлоо-2020: Бишкекте «Баарына каршы» аттуу акция өттү

Жарандык активисттер жана Жашылдар партиясынын мүчөлөрү 23-сентябрда Бишкекте «Баарына каршы» деген акция уюштурушту.

Акциянын катышуучулары 4-октябрдагы парламенттик шайлоо бир топ мыйзам бузуу менен коштолуп жатканын билдиришти. Алар №2 форма деп аталган документ менен жарым миллионго жакын добуш берүүчүнүн шайлоо участкасын алмаштырууга, партияларды каттоодогу талаштарга, үгүт маалындагы эреже бузууга каршы экенин айтышты.

Милиция аянттагы митинг алдын-ала эскертилбей, мыйзамсыз уюштурулганын белгилеп, аны Максим Горький атындагы скверде өткөрүүнү сунуш кылды. Акцияга чыккандар ага баш ийген жок.

Кыргызстандын 120 орундуу Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда.

№2 форма менен катталган шайлоочулардын саны 445 миңге жетти. Бул жолку шайлоодо №2 форма айрымдар добуш сатып алууга шарт түзөт деген талаштуу документ бойдон калууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>