Site icon Reporter.kg

Шайлоо-2020: Пандемия шартында партиялардын үгүт иштери кандай болот?

Күзүндө өтө турган  парламенттик шайлоого катышууну каалаган 44 саясий партия Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) өздөрүнүн документтерин тапшырды. БШК партиялардан өтүнмөлөрдү кабыл алуу мөөнөтү 9-июлда аяктаганын маалымдады.

Документ тапшырган 44 партиянын баары шайлоого катышат тура деп түшүнүп алуу эрте. Эми аталган партиялар Юстиция министрлигинде расмий катталгандыгы, андагы айырмачылыктар текшерилип андан соң каттоо башталат. Андан кийин партияларда шайлоо фондун ачуу, күрөө коюу, съезд өткөрүп талапкерлердин тизмесин берүү деген жумуштар бар.

Айрым эксперттер өлкөдөгү эпидемиологиялык абал жакын арада жакшырбай турганын, керек болсо  шайлоо өтө турган күз мезгилинде дагы коронавирустун күчү кайтпайт деген божомолдорду айтып келишет. Мындай шартта шайлоо өткөрүү туура эмес деген пикирлерге карабай 4-октябарда парламенттин VII чакырылышына шайлоо өтмөй болду.

Буга чейин БШК эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу  шайлоону санитардык талаптарды бекем сактоо менен өткөрөрүн убадалаган. Бирок үгүт иштери кандай форматта жүргүзүлөрү тууралуу азырынча үн ката элек.

“Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга ылайык,  үгүт иштери үч багытта — жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу, чогулуштарды, теледебаттарды өткөрүү жана үгүт материалдарын чыгарып, аларды таратуу жолу менен өтүшү керек.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов шайлоого катышууга белсенип жаткан партияларга, элдерди көп чогултпай үгүт иштерин жүргүзүү боюнча сунуштар берилип жатканын айтты.

Абдыжапар Бекматов

“Учурда биз өлкөдөгү пандемиялык абалга байланыштуу шайлоого катыша турган партияларга башкача форматта үгүт иштерин жүргүзүүнү сунуштап жатабыз. Ошондой эле үгүт иштери башталгыча телерадиолор бөлүп бере турган акысыз обо убактысынын көлөмүн көбөйткөнгө жана шайлоочулардын тандоосун жеңилдетип, партиялардын программаларын салыштырып көрүүсүнө шарт түзүүнү пландап жатабыз”.

Эпидемиологиялык абалга байланыштуу парламенттик шайлоо алдындагы үгүт иштери кандай өтөт деген маселе парламенттин жыйынында дагы көтөрүлгөн. Үгүт иштери мурдагыдай эле өтө турган болсо коронавирустун жапырт жайылышына алып келишин айткан депутат Дастан Бекешев мыйзамдарды өзгөртүүнү сунуштап, бирок ага эч ким деле маани берген эмес. Азыр ал үгүт иштери жаңы форматта жалпыга маалымдоо каражаттарынын жардамы менен өтүшү керектигин айтат.

Дастан Бекешев

“Мурдагыдай элди топтоп концерт, той өткөрүү менен үгүт жүргүзүү опурталдуу. Ошондуктан үгүт иштерин жаңы форматта ЖМКнын жардамы аркылуу онлайн режимде өткөрүү керек. Мындан башка баракчаларды таратуу жолу менен дагы жүргүзсө болот, бирок мында ар кандай маселелер чыгышы мүмкүн. Мисалы:  кайсы бир партиянын өкүлү иштеп жүрүп илдет жуктуруп алса аны өкмөт дарылап, ооруканага жаткырууга туура келет. Ошол учурда башка партиялар муну атайын жасалган бут тосуу  деп айтып чыгышы мумкүн”.

Буга чейинки шайлоолордо расмий үгүт иштери башталганга чейин эле талапкер партиядын өкүлдөрү шайлоо камылгасын көрүп, аймактарга барып ар кандай жолдор менен үгүт иштерин тымызын жүргүзө беришчү. Быйыл бул көрүнүш пандемия учурундагы муктаж адамдарга  жардам берүү иштери менен алмашты. Премьер-министр Кубатбек Боронов дагы шайлоого аттанган партияларга кайрылып, “шайлоого жумшай турган каражатыңарды COVID-19 пандемиясы менен күрөшүүгө жумшагыла” деген.

Бирок эпидемологиялык абал өргөрбөсө шайлоо токтоп калышы мүмкүн дегендер дагы жок эмес. БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев баары кырдаалга байланыштуу экенин айтат.  

Акылбек Сариев

“Үгүт иштерине чейин дагы убакыт бар. Бирок ага чейин шайлоого белсенген партиялар үгүт иштерин кандай форматта жүргүзүшөрүн даярдай берүү керек. Бирок партиялар болбой эле жарандар менен жолугушууларды өткөрүү жолун тандап алышса анда угуучулар коопсуздугунан чочулап келбейт деген ойдомун. Ошондуктан үгүт материалдарын таркатуу жана ЖМК аркылуу үтүт өткөрүү керек. Бирок абал кескин начарлай берсе шайлоо токтоп деле калышы мүмкүн.  Анткени өлкөдөгү эпидемологиялык абалдан улам жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо деле жылбадыбы”.

Коронавирус күчөп турганына карбай айрым өлкөлөрдө шайлоо өттү. Алсак Түштүк Корея апрель айында пандемиянын жаңы очокторунан кутула албай жатып  парламенттик шайлоо өткөрдү. Орусия дагы дүйнөдө коронавирус жайылган өлкөлөрдүн сап башында турганына карбай референдум өткөрдү. Ал эми Польша 12-июлда президенттик шайлоонун экинчи турун өткөрүүгө белсенип турат.

Саясий серепчи Нурлан Шакиев дагы Кыргызстан кылчактабай ошолордон үлгү алып, парламенттик шайлоону өз мөөнөтүндө өткөрүү керектигин айтат. Ал эми эпидемологиялык абал саясий партиялардын  үгүт иштерин жаңыча форматта өткөрүшүнө жол ача тургандыгын мындайча чечмелеп берди.

Нурлан Шакиев

“Эми чындап шайлоону өткөрө турган учур келди. Буга чейинки шайлоолорго катышкан партиялар үгүт учурунда “теледебаттар жана пикир алышуулар болбой жатат, программалар талкууланбай жатат” деп өздөрү айтышчу. Мына эми жаңы мүмкүнчүлүктөр жаралып жатат, акчанын жарышы болбой программалардын жарышы болсун. Анан дагы үгүт иштерин жүргүзүүдө эч ким көрбөгөн  КТРК, ЭЛТРден көрө жеке телеканалдарга, радиолорго мүмкүнчүлүктөрдү берип, талапкер партия өкүлдөрүнүн дебаттарын өткөрүп, программалары көрсөтүлүшү керек”.

Сооронбай Жээнбеков 30-июнда Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө парламенттик шайлоого катыша турган партияларга кайрылып үгүт иштери учурунда “асмандагы айды алып берем» деп, элди куру убада менен алдабагыла деген. Бирок шайлоодогу үгүт иштери кандай  өтүшү тууралуу үн каткан эмес.

Быйыл жергиликтүү кеңештерге шайлоо 12-апрелге белгиленгенип, үгүт иштери башталганына карбай коронавирус эпидемиясынан улам кайра токтотулган. Азырынча ал качан өтөрү айтыла элек. Айрым парламент депутаттары эки шайлоону бир убакта өткөрүү боюнча сунуштарын айтышкан.

Сталбек Абдижалил
Exit mobile version