“Ар-Намыс” саясий партиясы Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоого катышуудан баш тартуу боюнча кайрылган. Бул туурасында аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка караганда, ар кандай себептер менен шайлоого катышпай калган.
“Ар-Намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов “Улуттар биримдиги” партиясы менен шайлоого катышаары туурасында маалыматтар айтылган.
Буга чейин «АШАР-Алтан», «Чоң казат», «Ак-Ниет», «Тилектештик», «Асаба», «Нур», «Реформа», «Ак-Санат», «Аалам» «Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы» баш таркан.