Site icon Reporter.kg

Шайлоо-2021: Мыйзам бузуулар үчүн WhatsApp номер иштеп жатат

Угуусунда жана сөз сүйлөөдө бузулуулары бар шайлоочуларды  маалыматтык жактан камсыздоо максатында БШКнын CALL-борбору 0996-550-011255 whatsapp номери боюнча шайлоочулар менен видео байланышты иштете баштады. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматка караганда, Жогорку Кеӊешинин депутаттарын аралаш тутум боюнча шайлоо, добуш берүү, үгүт жүргүзүү тартиби тууралуу актуалдуу маалымат алат, шайлоочулардын тизмесинен өздөрүн текшерүү жөнүндө маалымат алып, өз маалыматтарын тактаса жана башка алса маалыматтарды алса болот.

0996-550-011255 WhatsApp номеринин иш графиги:  саат 9.00дөн 13.00гө чейин.

Бүгүн, 29-октябрь күнү үгүт иштери башталды. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрда болот.

Exit mobile version