Site icon Reporter.kg

Шайлоо-2021: ОшМУнун студенттери митингде

“Татыктуу жетекчи”, “Ордунда калуусун суранабыз”, “Бийлик коллективдин пикирин сыйлоого жана угууга милдеттүү” деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп алып ОшМУнун студенттери башкы корпустун алдына чыгышты. Бул туурасында аталган окуу жайдын маалымат бөлүмү Reporter.kg′ге билдирди.

Маалыматка караганда, аталган окуу жайдын башкы корпусунда окуган 50гө чукул студент чыккан. Алар бир гана талабы ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобековду ордунда калтыруусун суранышат.

Кожобековду студенттерди үгүт иштерине катыштырууга жол берди деген негиз менен Минитстрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иштен алганын билдирген болчу. Ушул тапта толугу менен жумуштан кете электигин Билим берүү жана илим министри Болот Купешев убактылуу ишин токтотконун айтканы боюнча маалыматтар тарады.

Exit mobile version