Тышкы иштер министрлиги 28-ноябрда өтө турчу парламенттик шайлоону чагылдыруу үчүн чет элдик журналисттерди каттоосун баштайт. Бул туурасында аталган министрликтин басма-сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 1-ноябрга чейин тиешелүү документтерин жөнөтүшү керек.Эгерде бул мөөнөттөн өтүп кетсе, шайлоону чагылдырууга уруксаат берилбей калат.