Site icon Reporter.kg

Шайлоо – 2021: Жогорку Кеңешке талапкерлерди каттоо күнү такталды

Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен календардык планга ылайык, партиялар шайлоо күнү жарыяланган күндөн тарта документтерин тапшыра баштаса болот. Ал эми партия 14-октябрга чейин талапкерлердин тизмесин тактап БШКга өткөрүп бериши керек. Өзүн-өзү көрсөтүп чыккан талапкерлер болсо, 14-октябрга чейин тиешелүү документтерин тапшырышы зарыл.

Ошол эле маалда саясий жарышка катышууда баш тарткысы келген партиялар 18-ноябрга чейин, өзүн-өзү көрсөткөндөр  25-ноябрга чейин арыз калтырышы милдет.

Быйыл шайлоо аралаш шайлоо система менен өтөт.  54 депутат саясий партиялар менен (пропорционалдык система), калган 36 мандат округдардан өзүн-өзү көрсөткөндөр (можаритардык система) шайланышат.

 

 

Exit mobile version