Шайлоо күнү 10 миң милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлдөйт

Шайлоо күнү 10 миң милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлдөйт

Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө бардыгы даяр. Мындай маалыматты бүгүн, 1-октябрда өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Маалыматка ылайык, 54 аймактык шайлоо комиссиясында 2 миң 475 шайлоо участогу, анын ичинен 45и чет өлкөлөрдө түзүлүп, алардын толук кандуу иштөөсү үчүн материалдык-техникалык жактан жабдуу, толук камсыз кылуу иштери өз убагында уюштурулду.

Мындан тышкары:

—  электр энергиясы, мобилдик байланыш, ошондой эле кошумча генераторлор менен камсыз кылуу маселеси чечилди;

—  шайлоо күнү иштей турган адистерге окуулар өткөрүлдү;

—  Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан шайлоону уюштуруу жана өткөрүүнүн жүрүшүндө жарандардын саламаттыгы үчүн санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-аракеттер алгоритми иштелип чыгып бекитилген. Шайлоо тилкелери жеке коргонуучу, дезинфекциялоочу каражаттар, бет каптар менен толук камсыздалды.

—  көз карандысыз жана саясий партиялардын байкоочулары үчүн шарттар түзүлдү;

—  шайлоо процессин 91 телеканал, 27 радио, 59 басма жана 77 интернет басылма чагылдырат. Жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн бардык маалыматтар ачык;

—  шайлоо участкаларында коопсуздукту камсыздоо үчүн 10 миң милиция кызматкери тартылды. Алар 2020-жылдын 1-октябрынан 6-октябрына чейин күчөтүлгөн тартипте иштейт. Мындан тышкары укук коргоо органдарына элдик кошуундар жардам берет; 

—  2020-жылдын 29-сентябрына карата республикалык бюджеттен шайлоого бөлүнгөн 723 миллион сомдун 478,1 миллион сому пайдаланылды.

«Араван районундагы окуяны эске албаганда, шайлоо алдындагы үгүт иштери провокациялык жана чагымчылдык иштерге алдырбай, дээрлик тынч өттү», — деп Кубатбек Боронов.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>