Site icon Reporter.kg

Шайлоо мыйзамдарын бузган 106 факты катталды

Шайлоо мыйзамдарын бузуу тууралуу 106 даттануу түштү. Бул тууралуу маалымат жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров билдирди.

Анын айтымында алардын арасында эң көбү добуш сатып алуу боюнча.

«Ыкчам-чара көрүү координациялык топко жалпы 106 мыйзам бузуу тууралуу арыз түштү.  Анын ичинен эң көп добуш сатып алуу боюнча 36 арыз түшкөн. Андан кийин эле административдик ресурстарды колдонуу тууралуу, бул тууралуу 23 арыз түштү. Учурда бул фактылар боюнча тиешелүү түзүмдөр иш алып барууда», — деди Шайназаров.

Exit mobile version