Шайлоо участкаларына 6 миңге жакын медкызматкер тартылган

Шайлоо участкаларына 6 миңге жакын медкызматкер тартылган

Шайлоо участкаларында медпункттар уюштурулуп, 5 миң 728 медициналык кызматкер иштеп жатат.  Мындай маалыматты бүгүн, 4-октябрда саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифингде билдирди.

«Тез жардам кызматынын унаалары дагы уюштурулуп, ооруканаларда орундар даярдалган. Бардык медкызматкерлерге жеке коргонуу каражаттары, беткаптар, санитайзерлер жана башка коргонуу каражаттары толук жетиштүү. Эгерде шайлоочулардын арасында дене табы көтөрүлүп же оорунун белгилери бар болгон жарандар болсо, алар кечки саат 18.00дөн кийин келип, атайын даярдалган кабиналарда өз добушун берүүгө укугу бар»,- деп билдирди Абдикаримов.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>