Site icon Reporter.kg

Шайлоо: ЖК депутаты болууну каалаган жарандардан арыз түшө баштады

Быйыл 28-апрелде өтө турган Кара-Суу жана Баткен бир мандатуу аймактары боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоого катышууну каалаган эки жарандан арыз түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, Кара-Суу шайлоо аймагы боюнча Ганишер Бадалов жана Баткен шайлоо аймагы боюнча Алимберди Бегматов талапкерлигин көрсөттү. Бадалов жеке ишкер болсо, Бегматов — Кыргызстандын чек ара коомунун жетекчиси.

Депутаттыкка ат салышууну каалаган жарандар 26-мартка чейин талапкерлигин көрсөтө алат.

Эскерте кетсек, буга чейин Кара-Суу округунан депутат болуп шайланган Искендер Матраимво менен Баткен округунан депутат болгон Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырган. Ага байланыштуу президенттин жарлыгы менен мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-апрелге белгиленген.

Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиев эми депутат эмес

 

Exit mobile version