Site icon Reporter.kg

Шайлоодогу босого чекти азайтуу мыйзам долбоору кабыл алынды

22-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында шайлоо эрежелерине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.

Добуш берүүнүн алдында мыйзам долбоордун демилгечилеринин бири, “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Андан соң 84 депутаттын макулдугу менен  долбоорбир добуштан кабыл алынды.

Мыйзамга киргизилген өзгөртүүгө ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодогу босого чек жети пайыздан үчкө түшо, №2 форма менен добуш берүүнү жокко чыгат жана шайлоо күрөөсү 5 миллон сомдон бир миллион сомго азаймакчы.

Белгилей кетсек, 21-октябрдагы парламент жыйынында аталган мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапкан.

Мыйзам долбоору парламент депутаттары Алтынбек Сулайманов, Абдувахаб Нурбаев, Жанарбек Акаев, Мирлан Жээнчороев жана Айсулуу Мамашева тарабынан иштелип чыккан.

Exit mobile version