Шайлоого кайсы партия кандай кандай номер менен катышат? Чүчүкулактын жыйынтыгы

Шайлоого кайсы партия кандай кандай номер менен катышат? Чүчүкулактын жыйынтыгы

Кечээ, 9-сентябрда парламенттик шайлоодо ат салышып жаткан саясий партиялар шайлоо бюллетениндеги катар номерлерин аныкташ үчүн чүчүкулак кармашты.

Анын жыйынтыгы менен саясий бирикмелер төмөнкүдөй катар тизмеге жайгашышты:

1. «Биримдик»

2. «Мекенчил»

3. «Ыйман Нуру»

4. «Мекеним Кыргызстан»

5. «Реформа»

6. «Ата Мекен»

7. «Замандаш»

8. «Бүтүн Кыргызстан»

9. «Социал-Демократтар»

10. «Мекен Ынтымагы»

11. «Ооган жана башка согуштардын ардагерлери» саясий партиясы

12. «Ордо»

13. «Бир Бол»

14. «Республика»

15. «Кыргызстан»

16. «Чоң Казат»

Парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялардын бюллетендеги орду негизи 4-сентябрда аныкталмак. Кийин бул күн 9-сентябрга которулган.

Шайлоо бюллетенине жазылчу партиялардын катары чүчүкулак аркылуу аныкталат, алардан тышкары «Баарына каршы» деген графа болот.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>