Шайлоонун жыйынтыгына макул болбогон партиялар ачкачылыкты токтотту. Эми кол топтоого өтүштү

Шайлоонун жыйынтыгына макул болбогон партиялар ачкачылыкты токтотту. Эми кол топтоого өтүштү

Арыздардын негизинде мыйзам бузуулар аныкталган Бишкек шаарындагы шайлоо тилкелериндеги добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова митингчилер менен жолугушууда билдирди. Бул тууралуу «Коммунисттер» партиясынын өкүлү Амантур Манапбаев «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

«Бул биздин кичинекей жеңишибиз! Эми биз 11-апрелдеги Бишкектеги шайлоонун жыйынтыгын толугу менен жокко чыгаруу үчүн жарандардын колтамгаларын чогултууну көздөп жатабыз. Шайлдабекованын айтымында, Бишкектеги УШКларга түшкөн арыздар 20 күндүн ичинде каралат. Ошондой эле, 2021-жылдын 16-апрелинде, Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын жанында, кол топтоо жана мындан аркы иш-аракеттерди аныктоо үчүн жарандардын жыйынын өткөрө тургандыгыбызды маалымдайбыз. Ачкачылык акциясы аяктады», — деп жазган ал.

Эскерте кетсек, кечээ, 14-апрелде бир нече партиянын өкүлдөрү ачкачылык жарыялашкан. Ачкачылык акциясы үч күнгө созулат деп жарыяланып, алар тамактануудан гана баш тартышкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>