Site icon Reporter.kg

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы партиялар БШКнын жетекчиси менен жолугушууга келишти

Бүгүн, 1-декабрда бир катар партиялардын өкүлдөрү Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү менен жолугушууга келишти. Алар 28-ноябрда добуштарды эсептөөнүн электрондук системасында орун алган мүчүлүштүк боюнча кырдаалды талкуулашууда.

Жыйынга “Ыйман нуру”, “Азаттык”, “Эл үмүтү”, “Ата Мекен”, “Альянс” жана башка партиялардын өкүлдөрү катышууда. БШКнын жетекчиси Нуржан Шайлдабекова да жеринде.

Exit mobile version