Site icon Reporter.kg

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы партиялар митингге чыгууга камынууда

Бир нече партия шайлоонун алдын ала жыйынтыгына макул эместигин билдирүү үчүн бүгүн митингге чыгууну көздөп жатат.

Митингге “Ата Мекен”, “Азаттык” жана “Улуттар биримдиги” партиялары катышууга ниеттенүүдө. Акцияга башка партиялардын өкүлдөрү да кошулушу мүмкүн. Митингдин башталышы Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратында саат 14.00гө белгиленген.

Учурда акция боло турган жерде укук коргоо кызматкерлери жана журналисттер жүрүшөт. Катышуучулар өздөрү жок.

Добуштарды кол менен эсептөө. ЖКга өткөн партиялардын жаңы тизмеси

Exit mobile version