Site icon Reporter.kg

Шакиев: Гимндин өзгөрө турганына кайгыруунун кереги жок (видео)

Гимндин өзгөрө турганына кайгыруунун кереги жок. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда төрага Нурлан Шакиев Жогорку Кеңеште журналисттердин кесиптик майрамына арналган иш-чарада билдирди.

Шакиев көптөрдүн «гимнди өзгөртүү керек» деп айта албай жүргөн оюн айтып чыкканын билдирди.

«Буйруса эмки жумада атайын отурум өткөрөбүз. Ачык, таза сынак уюштурабыз. Кыргызстандын гимнине «өнөйлү, өсөйлү, өркүндөйлү, мен кыргыз өлкөм үчүн» деген сөздөр жетишпейт. Ошону эле кошуп коелу. Ырдап жатканда ар бир кыргыз «мен ушул элим, өлкөм үчүн жаралгам» деп сезиш керек. Мен ошону эле айтып жатам», — деди ал.

Ал гимндеги текст үчүнчү жак менен «өсө бер, кете бер, бар бер, өз тагдырың колуңда» деп туура эмес жазылып калган деген ойдо.

«Гимндин өзгөрө турганына кайгыруунун кереги жок. Буйруса гимн өзгөрөт, өзгөртөбүз», — деди ал.

Exit mobile version