Site icon Reporter.kg

“Шалпылдатып бала жасай бербей багууну да ойлонгула”. Карыпбековдун посту талкууга түштү

Коомдук телерадио корпорациясынын мурдагы жетекчиси Илим Карыпбековдун “Инстаргам” бракчасына жазган билдирүүсү интернет колдонуучуларын эки жаат кылды.

Анда Карыпбеков көп балалуу үй-бүлөлөргө кайрылып, балалуу болуштан мурун аны бугууну ойлонгула деген ойду айткан.

“Баланы го биринин аркасынан бирин кой десе болбой былтыйтып, же былтыйып жасап жатасың. Ошо мощно берилип алып жасап жаткан учурда бир жолу аны кантип багам деп дагы ойлоп койчу айланайын былтыйган чырагым…

… Себеби балдарды шалпылдатып жасаганын жасап алып, анан бага албай айласы кетип, карызга баягы бала жасагандай былтыйып атып, анан көп адам өз жанын кыйып жатканына күбө болуп жүрөм…

…Карызга батып батыыыып болушунча, анан өлүп жыргап кете беришет жакши калгыла деп коюп. А үй бүлөсү, 5-6 баласы, аялы, ижарага алган батирде, эптеп күнүмдүк акча таап өлбө жаным өлбө деп араң жан болуп атса, үстүнө сен акмактын карызы барып түшөт. Ошол өлөм деген акмак өзүнүн маселесин чечип кете берди, а балдары, жакындары андан беш бетер кор болду…”, — деп жазган. (автордун жазгандары кыскартылды — ред. )

Интернет колдонуучулардын айрымдары Карыпбековдун ойун кубаттаса, айрымдары» ар бир бала ырыскысы менен төрөлөрүн» айтып анын сөзүн четке кагышууда.

Exit mobile version