Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) билдиришинче Шамалды-Сай ГЭСинен кечээ, 11-ноябрда белгисиз адамдын жансыз денеси табылган.
ӨКМга саат 14:00дөр чамасында Шамалды-Сай ГЭСиндеги сууда эркек адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Ал жерге куткаруучулар тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышып милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.