Site icon Reporter.kg

Шамалды-Сай ГЭСине бир адам чөгүп кетти

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) билдиришинче Шамалды-Сай ГЭСинен кечээ, 11-ноябрда  белгисиз адамдын жансыз денеси табылган.

ӨКМга саат 14:00дөр чамасында Шамалды-Сай ГЭСиндеги сууда эркек адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Ал жерге куткаруучулар тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышып милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

 

Exit mobile version