Site icon Reporter.kg

Шамалды-Сайда дарыянын жээгинен 6 жашар баланын сөөгү табылды

Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарында Нарын дарыясынын жээгинен 11-май күнү 6 жашар баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Куткаруучулар аны суудан чыгарып, ата-энесине өткөрүп беришти.

Баланын кантип сууга түшүп кеткени белгисиз.

Белгилей кетсек, учурда Нарында 12-майдан бери дайынсыз болуп жаткан 4 жашар кызды издөө уланууда.

Нарында 4 жашар кыз изделүүдө

Exit mobile version