Шамалды-Сайда жарым кылым мурун тургузулган электр мамылары жаңыланды

Шамалды-Сайда жарым кылым мурун тургузулган электр мамылары жаңыланды

Жалал-Абад облусунун бардык аймактарында жарым кылымдан бери алмаштырыла элек электр мамылары алмаштырылууда. Бул тууралуу «Жалалабатэлектро» ачык акционердик коомунан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, күз-кыш айларына карата көрүлүп жаткан даярдыктын негизинде  Шамалды-Сай шаарчасындагы Исанов, Панфилов, Зелёная көчөлөрүндөгү эскилиги жеткен мамылар жана Достук айыл өкмөтүнө караштуу  Келечек, Алимбек-Ата, Кадыр-Ата көчөлөрүндө жана Беш-Салы айылындагы эскилиги жеткен электр мамылар жана аба чубалгылар жаңыланууда.

 Жалпысынан Шамалды-Сай шаарчасында 139 даана эскилиги жеткен  электр мамылары алмаштырылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>