Site icon Reporter.kg

«Шамбала» тасмасы Индиядагы кинофестивалда мыкты деп табылды

Кыргызстандык режиссер Артыкпай Сүйүндүковдун «Шамбала» тасмасы Индиядагы кинофестивалда эки сыйлыкка татыды. Бул тууралуу «Кыргызфильм» киностудиясынан билдиришти

Маалым болгондой, аталган тасма Индиядагы Чатрапати Шиважи эл аралык кинофестивалында «Мыкты тасма» жана «Шиважи Махараж падышасынын глобалдык лидерлик сыйлыгын» жеңип алды.

Улуттук «Кыргызфильм» киностудиясы режиссер Артыкпай Сүйүндүковду жана «Шамбала» тасмасынын бүтүндөй тартуучу тобун куттуктайт.

Артыкпай Сүйүндүков режиссёрлук кылган «Шамбала» тасмасы Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин негизинде тартылган.

Ал бир катар эл аралык кинофестивалдарга катышып, бир нече сыйлык уткан. Алардын ичинде Калькуттадагы кинофестивалда Артыкпай Сүйүндүковго «Мыкты режиссёр» сыйлыгы берилген, Орусияда «Ника» сыйлыгын «КМШ, Грузия жана Балтика мамлекеттеринин мыкты тасмасы» номинациясында жеңип алган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version