Site icon Reporter.kg

Шамил Атаханов тергөө учурунда абалы начарлап ооруканага жеткирилди

Мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов ИИМдин Тергөө кызматына сурак берип жаткан  учурда абалы начарлап «Тез жардам” аркылуу ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз катчысы Карима Аманкулова билдирди.

“Атаханов 18-июлда саат 13:30да ИИМге чакырылган болчу. Сурак учурунда ал өзүн жаман сезип, укук коргоо органдары Тез жардам чакырган”, — деди ал.

Айта кетсек, Атаханов Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу 21-майда кармалып, камакка алынган.

Бирок ал тергөө менен кызматташып, Батукаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин  буйругу менен бошотулганын айткандан кийин үй камагына чыккан.

Exit mobile version