Site icon Reporter.kg

Шарабидин Токтосунов: Мадумаров таландыда калбасын деп талапкерлигимди алдым, — видео

Камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынан парламенттик шайлоого талапкер болуп барбайт. Бул тууралуу жактоочу өзү видео кайрылуу жарыялады.

«Тизме боюнча менин талапкерлигим 14-орунга катталганы партия ичинде интрига жаратты. Мен Адахан Мадумаровдун таландыда калуусун каалаган жокмун. Ошондуктан шайлоого аттануудан баш тарттым»,-дейт кайрылууда Токтосунов.

Буга чейин юрист Садыр Жапаров түптөгөн “Мекенчил” партиясынан өз ордун таба албагандыгын айтып, “Бүтүн Кыргызстандан” талапкер болгондугун жарыялаган. 

 

Exit mobile version