Site icon Reporter.kg

“Шарджа — Бишкек — Шарджа” аба каттамы ишке кирди

Туристтик сезонго карата “Шарджа — Бишкек — Шарджа” аба каттамы ишке кирди. “Манас” аэропорттунун маалымат катчысы Алия Курбанованын билдиришинче 167 жүргүнчүсү менен каттамдын алгачкы учагы бүгүн “Манас” эл аралык аэропортуна конгон.

Шардж шаарынан учуп келген Air Arabia авиакомпаниясынын Airbus-320 учагын “трифм аркасы” менен тосуп алышкан. Учактан түшкөн жүргүнчүлөр боорсок менен балдан даам сызышып, конокторго “Мурас” фольклордук ансамбли кыргыз улуттук чыгармаларды аткарып беришкен.

Биринчи каттамдын жүргүнчүлөрүн аэропорттун, транспорт жана жолдор министрлигинин орун басары Женишбек Ногойбаев жана Туризм департаментинин жетекчилиги тосуп алды.

Белгилей кетсек, жаңы каттам боюнча учактар жумасына 4 ирет – дүйшөмбү, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү каттап турат.

Exit mobile version