Чотонов: Эркектерди гинекологияга жолотпош керек

Чотонов: Эркектерди гинекологияга жолотпош керек

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 28 жаштагы акушер-гинеколог Жамгырбек Шүкүрбек уулу жергиликтүү тургундардын коркутуусуна кабылганын айтып милицияга кайрылды. Бул туурасындагы маалыматты облустук ичик иштер башкармалыгы Reporter.kg′ге тастыктады.

Маалыматка караганда, жергиликтүү тургундар өзү иштеп жаткан райондук ооруканага иштөөбөсүн талап кылып, коркутушкан. Учурда бул факты боюнча милициянын атайын журналына каттоого алынып, иштер жүрүп жатат.

Бул окуя коомчулукта  резонанс жаратып, коомчулукта талкууга алынууда. Ал эми шариятта эркектерди эркек дарыгерлер, аялдарды аял дарыгерлер карашы керектигин дин таануучу Кадыр Маликов белгилейт.

Бирок, баары бир “ден-соолук, жашоо баарынан жогору турат”- деген эреже бар. Ошол эле маалда жергиликтүү тургундарды эркек гинекологду коркутууга алганы туура эмес. Болгону диний ишенимдерине жараша эркек гинекологдорго көрүнбөй коюшу керек” – дейт дин таануучу.

Муну менен катар буга каршы пикирлер да четтен табылат. Кыргызстанда эң белгилүү дин аалымдардын бири Өзүбек ажы Чотонов керек болсо окуу жайлар эркектерди гинекологияга албай коюшу керектигин билдирет.

“Туура эмес нерселер болуп жатат. Медициналык окуу жайга окугандардын 80-90% кыздар. Ага карабай гинекологияда эркекти да окутушууда. Аял менен эркектин саны бирдей болуп турган шартта, буга эмне зарылчылык бар? Аларды гинекологияга кабыл албай коюшу керек.  Ооганстан өңдүү аялдар окубаган өлкө болсок бир жөн эле…  Негизсиз эле гинекологияга эркектерди окутушууда. Гинекологдор аялдарды төрөгөн убакта эле карабайт да, аялдын боюна бүткөндөн тарта кароодон өткөрө баштайт. Андан тышкары кыздарды мектептен тарта текшерип жатышат. Гинекологго барганда күйөөлөрү кызганат, аялдар дагы эркектерден уялышат. Мындай жагдайды алып караганда, эркек гинекологдорду окутууга эч кандай муктаждык жок”- дейт Чотонов.

Шариятта болсо “эч кандай мүмкүнчүлүк болбой калган жагдайда гана уруксаат берилет. Бирок, ушул тапта эркек гинекологдор да күйөөлөрүн кызганта турган учурлары болуп калып жатканына нааразы.

“Бизде айрым учурларда эркек гинекологдор да көрүнүп келген аялдар менен жыныстык мамиледе болуп койгон көрүнүштөр бар” – деди.

Ал эми окуя болгон бейтапкананын башкы дарыгери Абдулбакы Ырысбековдун “Турмуш” басылмасына айтканына караганда, гинекологдор жетишсиз болуп жаткандыктан атайын эркек баланы гинеколог болуп окуу деп суранышкан. Анын да жүйөөлү себептери бар.

«Ал дарыгер бизде акушер-гинеколог болуп иштейт. Ординатурага тапшырган, 3 жыл болду, майда бүтөт. Биздин ооруканада акушер-гинекологдор жетишсиз. Негизи эки гинеколог дарыгерибиз бар, бирок алар үй-бүлөлүк дарыгердик боюнча бүтүп, ошол жаатта иштөөдө. Негизи Жамгырды биз акушер-гинекологду оку деп суранганбыз. Анткени ушул жаатта адистер жетпей, кыйналып келебиз. Анын үстүнөн аял киши акушер-гинеколог болсо, ал төрөсө декретке чыгып кетет экен. Ал эми эркек киши гинеколог болсо, ушул шаарга отурукташып калса, Кара-Көл элине кызмат кылабы деген максатта аны акушер-гинекологду оку дегенбиз. Бул адистерди ооруканага алууда адистердин жетишсиздигинен улам, өзүбүз атайын тиешелүү жерлерге барып кайрылып, суранып, өтүнүч жазып жатып, араң алып келебиз», — деген Абдулбакы Ырысбеков.

Азырынча Муфтият бул маселе боюнча үн ката элек. Кыргызстанда канча эркек гинеколог бар? Бул туурасында так маалымат жок.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>